Меню
Эл-Сөздүк

Баланстан тышкаркы эсеп

БАЛАНСТАН ТЫШКАРКЫ ЭСЕП – ошол ишканага менчик катары тийиштиги жок каражаттарды эсепке алууга багытталган бухгалтердик эсеп (м.: ижарага алынган негизги каражаттар; жооптуу сактоого алынган товардык-материалдык баалуулуктар; монтаждоо үчүн кабыл алынган жабдуулар; менчиктештирүү чектери ж. б.). Эки ирет жазуу усулу менен чагылдырылуучу баланстык эсептен айырмаланып, Б. т. э. бир гана жолу жазылат. М.: негизги каражаттарды ижарага алууда жазуу ижарага алынган негизги каражаттардын дебетинде гана көрсөтүлөт, аларды ижара берүүчүгө кайтарууда – кредит эсеби боюнча гана жазылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: